Медициналык борбордун директорунун милдетин аткаруучу Губайдуллина Гульфия Шарифзяновна
Жогорку категориядагы терапевт
Иш тажрыйбасы:
1997-1998-ж.ж. МТЖБСнын (Медициналык тез жардам борбордук станциясы) врач интерни.
1998-2001ж.ж. МТЖБСнын тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү боюнча көчмө кардиологиялык бригадасынын врачы.
2001-2005-ж.ж. «Медикал сервис 051» ЖЧК –Амбулатордук-поликлиникалык кабыл алуу (АПП) көчмө бригадасынын врачы.
2006-2009-ж.ж. №5 Үй-бүлөлүк медицина борбору, врач-терапевт.
2011-2016-ж.ж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медициналык борборунун врач- терапевти.
2016-ж. Азыркы учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медициналык борборунун врач-терапевти. Медборбордун мүдүрүнүн милдетин аткаруучу.
Квалификацияны жогорулатуу:
2001-ж.“Кардиологиянын актуалдуу маселелери” цикли боюнча курстан өткөн.
2003-ж. Медициналык тез жардам врачы биринчи категориядагы квалификациясы ыйгарылган.
2013-ж. “ЭКГ негиздери менен жалпы терапия ” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2017-ж. “Ички органдардын ооруларын УЗИ диагностикасы” адистиги боюнча баштапкы адистик окутуудан өткөн.
2020-ж. “ЖИО: Атеросклероз, гиперлипидемия. ФКтын туруктуу стенокардиясы жана туруксуз стенокардия. Заманбап протоколдук классификацияны жана дарылоону колдонуу аркылуу ST сегменттин элевациясы менен ККС жана ST сегменттин элевациясыз”.
2020-ж. “Туташтырма ткандардын жана артриттердин системалуу оорулары. Диагностиканын заманбап методдору. Дарылоо” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2020-ж. “Дифференциалдык диагностика менен гастроэнтерологиянын актуалдуу маселелери” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2020-ж. “Кардиологдун жана үй-бүлөлүк дарыгердин мектеби” илимий-практикалык конференциясына катышкан.
2021-ж.“Терапевт” адистиги боюнча жогорку квалификациялык категория ыйгарылган.
Осмонбекова Алтынкул Токталиевна
Жогорку категориядагы невролог
Иш тажрыйбасы:
2006-ж. Улуттук госпиталь, врач-невролог.
2007-ж. Улуттук госпиталь, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн неврология бөлүмү, врач-невролог.
2008-ж. Улуттук госпиталь, клинико-диагностика бөлүмү, врач-невролог.
2009-ж. Улуттук госпиталь, профборбордун клинико-диагностика бөлүмү, врач-невролог.
2009-ж. Улуттук госпиталь, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн неврология бөлүмү, врач-невролог.
2021-ж. КТУ “Манас”, Медициналык борбор, врач-невролог
Квалификацияны жогорулатуу:
2018-ж. “врач-невролог” адистиги боюнча жогорку квалификациялык категория ыйгарылган.
2018-ж. “Стамбул протоколунун элементтери менен заманбап неврологиянын актуалдуу маселелери” программасы боюнча окутуудан өткөн.
2018-ж. “Мээ шишигин хирургиялык дарылоо” программасы боюнча квалификациясын жогорулаткан.
Бактыбек Алияскаров
Биринчи категориядагы ЛОР
Иш тажрыйбасы:
1986-1987-ж.ж. Миң-Куштагы шаардык оорукана.
2001-2008-ж.ж. Балдардын шаардык клиникалык ооруканасы, врач-отоларинголог.
2008-ж. Улуттук госпиталь, врач-отоларинголог.
2021-ж. КТУ “Манас”, врач-отоларинголог.
Квалификацияны жогорулатуу:
2009-ж. Врач-отоларинголог адистиги боюнча биринчи квалификациялык категория ыйгарылган.
2014-ж. Врач-отоларинголог адистиги боюнча биринчи квалификациялык категория ыйгарылган.
2014-ж. ”Отоларингологияда кечиктирилгис абал” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2014-ж. “Респиратордук ооруларды дарылоонун негизги ыкмалары” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышкан.
2015-ж. Кыргыз Республикасынын отоларингологдорунун илимий конференциясына катышкан.
2015-ж. “Риносинуситтерди дарылоодо деконгексанттарды пайдалануунун ыкмалары” темасында конференцияга катышкан.
2017-ж. Отоларингологдордун евразиялык ассамблеясынын 3-конгрессине катышкан.
2018-ж. Отоларингологдордун илимий конференциясына катышкан.
2018-ж. “Отоларингологиянын актуалдуу маселелери” темасында эл аралык конференцияга катышкан.
2019-ж. “Кекиртектин патологиясын хирургиялык дарылоонун заманбап ыкмалары” мастер-класс программасы боюнча окуудан өткөн.
2019-ж. Отоларингологдордун 6-евразиялык ассамблеясынын ишине катышкан.
Акматбекова Нуржан Жанарбековна
Биринчи категориядагы гинеколог
Иш тажрыйбасы:
1993-ж. Перинаталдык борбор, акушер-гинеколог.
1995-ж. №2 клиникалык төрөт үйү, врач акушер-гинеколог, интернатура.
1996-ж. Акушерства жана педиатрия ИИИ, уюштуруу-методикалык бөлүмү, врач.
1998-ж. КММАнын № 17 медициналык борбору, врач-гинеколог.
2000-ж. №2 клиникалык төрөт үйү, врач мед.статист.
2003- 2021-ж.ж. №2 клиникалык төрөт үйү, акушер-гинеколог.
2021-ж. КТУ “Манас”, врач-гинеколог.
Квалификацияны жогорулатуу:
2016-ж. “Гинекологиянын актуалдуу маселелерин заманбап чечүү” темасында илимий-практикалык конференцияга катышкан.
2016-ж. “Төрөттөн кийинки сепсисти дарылоонун заманбап аспекттери” темасында акушер-гинекологдордун конференциясына катышкан.
2017-ж. “Экстрагениталдык патология жана кош бойлуулук” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуудан өткөн.
2017-ж. “Акушер-гинеколог” адистиги боюнча биринчи квалификациялык категория ыйгарылган.
2018-ж. “Тукумсуздуктун диагностикасы. КРТ программасынан кийин кош бойлуулукту башкаруу” темасында илимий-практикалык конференцияга катышкан.
2020-ж. “Гинекологиядагы вирустуу инфекция: диагностика, дарылоо, онкопрофилактика” программасы боюнча окутуудан өткөн.
Нурия Балтабаева
Экинчи категориядагы терапевт
Молдобаева Саодат Турусбековна
Экинчи категориядагы терапевт
Иш тажрыйбасы:
1999-2001-ж.ж. Кыргыз-Түрк кыздар лицейи
2001-2014-ж.ж. КТУ “Манас”, медайым
2011-2013-ж.ж. КММКД жана КЖИнун клиникалык ординатурасы
2014-ж. КТУ “Манас”, Медициналык борбор, врач-терапевт
2014-ж. КТУ “Манас”, Медициналык борбордун мүдүрүнүн милдетин аткаруучу.
2014- ж. Азыркы учурда КТУ “Манас”, врач-терапевт
Квалификацияны жогорулатуу:
2014-ж. “Ички органдардын ооруларын УЗИ диагностикасы” адистиги программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2020-ж. “Дифференциалдык диагностика менен гастроэнтерологиянын актуалдуу маселелери” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2020-ж. “ЖИО: Атеросклероз, гиперлипидемия. ФКтын туруктуу стенокардиясы жана туруксуз стенокардия. Заманбап протоколдук классификацияны жана дарылоону колдонуу аркылуу ST сегменттин элевациясы менен ККС жана ST сегменттин элевациясыз”.
2020-ж. “Туташтырма ткандардын жана артриттердин системалуу оорулары. Диагностиканын заманбап методдору. Дарылоо” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2020-ж. “Кардиологдун жана үй-бүлөлүк дарыгердин мектеби” илимий-практикалык конференциясына катышкан.
2021-ж. “Терапевт” адистиги боюнча экинчи квалификациялык категория ыйгарылган.
Садырбаева Айжан Нурлановна
Лаборант
Иш тажрыйбасы:
2019-2021-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору, вирусология жана сейрек инфекциялар лабораториясы, лаборант.
2021- ж. Азыркы учурда КТУ “Манас”, лаборант.
Квалификацияны жогорулатуу:
2020-ж. “COVID-19дагы ПЦР диагностикасынын негиздери” программасы боюнча окуудан өткөн.
2020-ж. “COVID-19 лабораториялык диагностика, ПЦР изилдөө” темасы боюнча аралыктан окутуу курсунан өткөн.
2021-ж. “ПЦР негиздери” программасы боюнча окуудан өткөн.
2021-ж. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун “ОТ-ПЦР ыкмасы менен COVID-19ду тестирлөө” тренингине катышкан.
Асакеева Анара Мунарбековна
медсестра
Иш тажрыйбасы:
1998-1999-ж.ж. Москва райондук санэпидемстанция, эпидемиология бөлүмү, эпидемиологдун жардамчысы.
1999-2000-ж.ж. Фельдшердик-акушердик пункт, фельдшер-акушер.
2000-2002-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталь, урология бөлүмү, медайым.
2005-2010-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын стоматология факультетин бүтүргөн.
2010-2011-ж.ж. Кант шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун стоматология бөлүмүндө бир жылдык интернатурадан өткөн.
2003-ж.ж.. азыркы күнгө чейин КТУ “Манас”, лаборант.
Квалификацияны жогорулатуу:
1998-ж. дарылоо-акушердик иш адистиги боюнча фельдшер-акушер квалификациясы ыйгарылган.
2010-ж. “Стоматология” адистиги боюнча врач квалификациясы ыйгарылган.
2020-ж. Тиштердин кариесин алгачкы алдын-алуу программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.
2020-ж. Пародонт ооруларына диагностиканын жана дарылоонун заманбап методдору.
2020-ж. Тиштерди эстетикалык реставрациялоонун негиздери.
Айжан Шаакеева
Жогорку категориядагы медайым
Айдина Шейшеналиева
Биринчи категориядагы медайым
Гүлнара Рысбек Кызы
Медайым
Махабат Касымалиева
Жогорку категориядагы Медайым
Райхан Абдуллаева
Жогорку категориядагы медайым
Рыскүл Балтабаева
Медайым
Сейилкан Назаркулова
Медайым